Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Аталган максаттарда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр видео жана аудио маалыматтын санарип форматтарын колдонууга, ошондой эле маалыматты санарип форматта сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Түзөтүүлөргө ылайык, аудиовизуалдык  чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет (Мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 25-март