Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – тарыхый-маданий мурастардын объекттерин сактоо  жана пайдалануу.

Аталган максаттарда «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясында эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана чарба иштерин жүргүзүү такталат.

Мыйзамдын 33-статьясында археологиянын эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде атайын техникалык каражаттар (металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана башка) атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 24-март