Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан.

Мыйзамдын максаты «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 20-март