Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

2015-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктардын негизинде «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жергиликтүү соттордун 9 судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды жана алар ээлеген кызмат орундары 2015-жылдын 29-мартынан баштап узартылды.

- Алимкулов Нургазы Халилович - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясынын;

- Бекбаева Нурия Хусаиновна - Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын;

- Динеев Мирад Сагынбекович - Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясынын;

- Кудаяров Жолборс Жээнбаевич - Ош шаардык сотунун судьясынын;

- Насирова Ташкан Жумабаевна - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясынын;

- Пирматов Каныбек Алимканович - Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын;

- Самаков Төлөндү Калыгулович - Чуйской облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын;

- Сатарова Айнура Мелисовна - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын;

- Сопуев Болотбек Календерович - Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 19-март