Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ««Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2014-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын алынып келинген жаратылыш газына 35 пайыз өлчөмүндөгү бажы салымынын максималдуу ставкасын алып салуу жана жаратылыш газы үчүн калк менен керектөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн максималдуу арзан бааны сактап туруу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Мыйзамдын колдонулушу 2014-жылдын 1-октябрынан тартып келип чыккан мамилелерге жайылтылат.

2015-жыл 17-март