Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - уюлдук байланыш абоненттеринин бир оператордон экинчи операторго өтүү учурунда номерлерин которуу тартибин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн жол-жобосун бекитүү.

Мыйзамга ылайык «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын электр байланыш желелерин нумерациялоо ресурсун колдонуу, жеткирип берүүчүнү тандоо жана номерлерди которуу тартиби жөнүндө жаңы статьялар менен толукталат.

Кыргыз Республикасынын электрбайланыш желелерин нумерациялоо ресурсу мамлекеттин менчиги жана электрбайланыш операторлоруна убактылуу колдонууга бөлүнүп берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы нумерациялоо ресурсун электрбайланыш операторлоруна бөлүп берүү, ошондой эле тариздөө жана алып коюу укугуна ээ болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-март