Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясы ченемдик  укуктук актыларда каралган учурларда мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү жөнүндө жаңы квалификациялык талап менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 16-март