Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйруктарына ылайык:

-  Бекмаматов Темирбек Бекмаматович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматынан;

-  Эшперов Марат Жумашевич - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары-аскердик прокурору  кызматынан;

-  Халдаров Уланбек Абдухалилович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулушту.

2015-жыл 13-март