Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Салыктык эмес  төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган

Мыйзамдын максаты  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу  менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон  адистештирилген уюмдарын  жергиликтүү маанидеги  инфраструктураны  тейлөөгө жана өнүктүрүүгө каралган каражаттын 2 пайыздык  чегерүүсүн төлөөдөн бошотуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

2015-жыл 11-март