Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 31-статьясында каралган мамлекеттик кызматкерди  ээлеген кызматынан бошотуунун негиздерин  төмөндөгүлөр менен толуктайт:

    - “Борбордук статус жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаарынын мэри аны бошотууга сунуштама киргизгенде;

    -  “Борбордун статусу жөнүндө” жана“Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаардык кеңеши ишеним көрсөтпөгөндө.

Бул сунуш “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө”  мыйзамдардын  21-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери мамлекеттик органдардын территориалдык бөлүмдөрүнүн ишмердигин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдугун берет,  мамлекеттик органдардын территориалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматына талапкерлердин  конкурстук  тандоосуна катышат, Кыргыз Республикасынын  сотторунан, прокурорлорунан,  улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын территориалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен башкасын, милдеттерин  тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурларда  мамлекеттик органдардын территориалдык  бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматынан бошотуу тууралуу маселени көтөрүүгө укуктуу  болгондугу менен шартталган.                                                                        

Мындан тышкары “Борбордун статусу жөнүндө” жана“Ош шаарынын статусу жөнүндө”  мыйзамдардын   15-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Бишкек же Ош шаардык кеңештеринин компетенциясына Кыргыз Республикасынын  сотторунан, прокурорлорунан, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын территориалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен башкасын, милдеттерин  жана шаардык кеңештин чечимдерин  тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурларда  мамлекеттик органдардын территориалдык  бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени көтөрүү милдети дагы кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

 

2015-жыл 10-март