Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - салык жана салык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салган мыйзамдар өзгөрүлгөн жагдайда сталбилдештирүү режиминин механизмин колдонууну  укуктук жөнгө салуу аркылуу жана инвесторлор үчүн эң жакшы шарттарды тандоого кепилдик берүү аркылуу Кыргыз Республикасына тикелей инвестицияларды тартууну колдоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 21-февраль