Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айнура Саралинова Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

2015-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жарамсыз болгондугуна байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Саралинова Айнура Меровна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 19-февраль