Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бейшенбай Жунусов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» деген формулировка менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулду.

Мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борбордун (ЦАРИКЦ) директору кызматына  Бейшенбай Жунусовдун талапкерлигин сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алган.

Уюм Борбордук Азия мамлекеттеринин, ошондой эле Россия менен Азербайжандын баңгибизнеске каршы күрөштө аракеттерин координациялайт. Уюмдун катчылыгы Алматы шаарында жайгашкан.

2015-жыл 19-февраль