Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

3 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 301 адамды кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары. 1 Жарлык 38 адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 13 Жарлыгынын тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 14 Жарлыгынын тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 15 Жарлыгынын тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы № 16 Жарлыгынын тексти >>>.

 

2015-жыл 5-февраль