Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясы 18-пункт менен толукталат. Ага ылайык мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик кызматта турган убакта акцияларга, башка баалуу кагаздарга (катышуу үлүштөрүнө, уюмдардын уставдык (салымдык) капиталынын пайларына) ээлик кылууга укугу бар, бирок милдеттүү түрдө аларды ишеним башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 9-февраль