Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыктарга кол коюлду

2015-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

1 Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 616 адамды (545 чоң киши 71 баласы менен) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

1 Жарлык 167 адамдын (133 чоң киши жана 34 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 28-январындагы № 7 Жарлыгынын тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 28-январындагы № 8 Жарлыгынын тексти >>>.

2015-жыл 29-январь