Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым судьялардын ыйгарым укуктары узартылды

2015-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктардын негизинде «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жергиликтүү соттордун 4 судьясынын 2015-жылдын 30-январынан баштап ыйгарым укуктары узартылды:

- Акбердиев Марат Туратбекович – Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы;

- Батырбеков Тилекбек Соронбаевич - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы;

- Бекмурзаев Аскарали Ташпулатович - Талас облусунун райондор аралык сотунун судьясы;

- Туленбаев Таирбек Абдумаликович - Баткен облусунун райондор аралык сотунун судьясы.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 23-январь