Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жарнак жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо  киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам “Жарнак жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү жана атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Келишимдин 61-статьясына ылайык катышуучу-мамлекеттер катышуучу-мамлекеттердин жарандарынын кызыкчылыктарын чарба субьекттеринин  ак ниет эмес ишмердигинен коргоо үчүн бирдей  шарттарды калыптандырууга багытталган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясат жүргүзүшөт.

Мыйзам  расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 23-январь