Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленээри каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алтын ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылат:

- «Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-мартындагы № 32 Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-августундагы № 200 Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн үч айлык мөөнөттө:

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүүгө;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.

2015-жыл 19-январь