Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга кошулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигине депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссясына (ЕЭК) кошулуу жөнүндө грамотаны белгиленген тартипте депонирлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 19-январь