Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик эмес ишканаларда жана уюмдарда кызмат кызыкчылыгына каршу кылмыштардын алдын алууга, жарандардын, уюмдардын, мамлекеттин  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле менчиктерин коргоону күчөтүүгө багытталган.

Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Мыйзамда КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-статьясына коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери ыйгарым укуктарын кыянат пайдалангындыгы үчүн жазаны катаалдатууну караган  түзөтүүлөр киргизилет. Алсак, акциялардын (үлүшүнүн) 30% ашууну мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон  коммерциялык уюмдарда башкаруу милдеттерин аткарган жарандарга карата кыйла катуу жазаларды пайдалануу каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 19-январь