Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - айдоочу күбөлүктөрүн алууда жарандарды аттестациядан өткөрүүдөгү  кээ бир маселелерде коррупциогендик факторлорду жоюу.

Аталган максаттарда кабыл алынган Мыйзам менен Өкмөткө аталган жарандарга экстернат формасында аттестациялоону уруксат бербеген учурларды аныктоого укук берилет (Мыйзамдын азыркы редакциясында, жарандар экстернат (өзгөчө, адаттан тыш учурларда) түрүндө аттестациядан өтүүгө укуктуу).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

2015-жыл 19-январь