Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

«Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Мыйзамдын 3-статьясына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментти аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 16-январь