Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекиди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 89 281 912,4 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 92 116 122,6 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 2 834 210,2 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 15-январь