Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынгын.

Мыйзам «Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» 2011-жылдын 8-августундагы № 149 Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүүгө багытталган. Демек, аталган Мыйзам менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин XIX бөлүгүнүн (табигый монополиялар) жана табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Протоколдун талаптары эске алынды.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 15-январь