Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты озонду бузуучу заттарды колдонгондо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык-укуктук актылар менен шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 14-январь