Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун укуктук коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык-укуктук актыларга, Кыргыз Республикасы мүчө болгон өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 14-январь