Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу протоколу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер  министрлигине Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 14-январь