Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасынын эл аралык келишим  боюнча мойнуна алган улуттук милдеттенмелерин аткаруунун алкагында атмосфералык абаны коргоо боюнча чараларды күчөтүү болуп саналат.

Мыйзам  расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык  Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 14-январь