Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

2015-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам  балдардын жана өспүрүмдөрдүн  алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини пайдалануусун алдын алууга багытталган, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизет.

Мыйзамда  сатуучуларга сатып алуучунун жашын аныктоо максатында инсандыгын ырастоочу документтерди талап кылуу милдети  жүктөлгөн. Алкоголдук продукциянын сатуучулары ошону менен бирге  алкоголдук продукцияларды саткан жерлерге 18 жашка толбогон адамдарга, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу, алкоголдук продукцияларды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.

Мыйзамда алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки буюмдарын рекламалоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Андан тышкары Мыйзамда   радиодо жана телекөрсөтүүдө алкоголдук ичимдиктерди рекламалоого тыюу салынган убакыт узартылган ( 1998-жылдын 24-дакабрындагы “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 16-статьясына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мындай реклама саат 7:00дөн 00:00гө чейин тыюу салынат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч  ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 13-январь