Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

2015-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чуй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Тургунбаев Куттубайдын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 10-январынан баштап токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 12-январь