Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты товар алмашуу (бартердик) операцияларга жана КНСты эсептөө методдорун колдонууга байланышкан КНСты бюджетке төлөмдү эсепке киргизүүдө колдоно турган КНСты эсептөөдөгү так эместиктерди жана карама каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Ошондой эле Мыйзам менен киргизилип жаткан түзөтүүлөр 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салык укук мамилелерине тиешелүү экендиги белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 12-январь