Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше потенциалын көбөйтүү жана кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү салыктарды контролдоо, эсептөө жана чогултуу боюнча башкарууну жакшыртуу, Бишкек менен Ош шаарларынын инфраструктурасын жана социалдык-экономикасын  өнүктүрүү болуп саналат.

Мыйзам кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-январь