Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн укуктук негиздерди бекемдөө болуп саналат. Мыйзамда электроэнергетикалык ири өндүрүш куруу үчүн  сугат айдоо жерлерин башка категорияга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилбегендиги белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-январь