Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» Мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердигин өркүндөтүү, ошондой эле ушул тармактагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-январь