Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзга кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, Бажы союзунун тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (ТЭИ ТН) колдонуусу каралат.

Ошондой эле Мыйзам менен алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 8-январь