Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ветеринария жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам ветеринария жаатындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, каржы-экономикалык негиздерди аныктайт, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам менен «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

2015-жыл 8-январь