Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам бажы алымдарынын ташып келүү жана ташып кетүү коюмдарын колдонуунун, бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын белгилөөнүн тартибин, товарлардын чыгарылган өлкөсүнө жана аларды ташып келүү шарттарына жараша бажы алымдарынын ташып кетүү коюмдарын колдонуу өзгөрчүлүктөрүн, ошондой эле тарифтик преференцияларды жана тарифтик квоталарды берүү өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишимге ылайык Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы тарифи колдонула баштаган датадан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 81 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

2015-жыл 8-январь