Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам аны “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле  Жогорку Евразиялык Кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш чаралардын (“жол картасын”) санитардык чараларды колдонуу бөлүгүн ишке ашыруу максатында  кабыл алынган.

Мыйзамда  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контролду уюштуруу каралган.

Ушул Мыйзамдын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарын, 8-пунктунун экинчи-бешинчи абзацтарын жана 9-пунктун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 8-январь