Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 31-мартында Дүйшөмбү шаарында кол коюлганКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө  макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

2014-жыл 31-декабрь