Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 24-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Джидда шаарында кол коюлганКыргыз Республикасы  менен Ислам өнүктүрүү банкынын  ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№KYR-0048  долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн  Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы  тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  күчүнө кирет.

2014-жыл 31-декабрь