Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык чемпионаттарда жетишкен жогорку жыйынтыктары үчүн жеңүүчү-спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча эл аралык чемпионаттарда жогорку натыйжаларга жетишип, байге алган спортсмендерге жана машыктыруучуларга даректүү колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 900 000 (тогуз жүз миң) сом бөлүндү.

Колдоо алгандардын арасында байге жеңип алган 5 спортчу жана 2 машыктыруучу бар. Алар Кыргыз Республикасынын Президентинен тиешелүү  акчалай сыйлыктарын Мамлекет башчысы тарабынан сыйлануучулардын тизмесин  түзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин күнөөсү менен албай калган.

Ошондой эле Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2014-жылдын 9-21-сентябрында Антверпен шаарында (Бельгия Королдугу) өткөн Атайын олимпиаданын V Евразиялык оюндарынын женүүчүлөрүнө бир жолку акчалай сыйлыктар бөлүндү.

2014-жыл 30-декабрь