Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду импорттоо, экспорттоо жана транзиттөө тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга кошулууга байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 20114-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу Келишимге Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалдык союзуна кошулуу жөнүндө Келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.


2014-жыл 30-декабрь