Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам техникалык жөнгө салуу тармагында улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү максатында «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» 2004-жыдын 22-майындагы № 67 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кээ бир ченемдерин тактайт.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга кошулууга байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу Келишимге Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалдык союзуна кошулуу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 29-декабрь