Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айбек Азыранкулов Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды

2014-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Азыранкулов Айбек Жаныбекович Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды.

2014-жыл 27-декабрь