Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьялары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

2014-жылынын 20-декабряныда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Ж.Исраилов жана Ж.М.Эгембердиев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка члайык, соттордун айыптоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары А.Ж.Исраиловду жана Ж.М.Эгембердиевди ээлеген кызмат ордуларынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 1 жана 5-бөлуктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

- Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укутарын жүргүзүп жаткан Исраилов Автандил Жапарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиев Жунусмамат Мырзамамытович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 23-декабрь