Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 20-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 6-бөлүгүнүн негизинде кол койгон Жарлыкка ылайык, Сариева Эльвира Кубанычбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

2014-жыл 20-декабрь