Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Канат Садыков Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2014-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Садыков Канат Жалиловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 12-декабрь