Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

2014-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктарга ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жергиликтүү соттордун 3 судьясынын ыйгарым укуктары узартылып, алар судьялык кызматтарын улантышты:

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы - Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы - Конгантиева Зарема Камбаралиевна;

- Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясы - Сулайманова Айнура Эртабылдиевна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет

2014-жыл 11-декабрь