Бүгүн, 2014-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:
Доха шаарында жайгаштыруу менен Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.